"Кутман байке, бешти берчи!". Кыргызстан футболчуларын аэропорттон тосуп алган сүрөттөр

Sputnik

Буга бир нече күн мурда жөнөкөй кыргызстандыктардан тарта журналисттерге чейин камынып жаткан. Спортчуларды тосуу үчүн барган күйөрмандардын арасынан түн уйкусунан баш тартып ата-энесин ээрчип барган балдарды байкоого болот.

Оюнчулар эл күткөн залга кире бергенде кубаттоолор, куттуктоолор, кол чабуулар жаңырды. Алардын арасында биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов баштаган бийлик өкүлдөрү болду.

Келсе коон союп майрамдайбыз! Арабдарга гол киргизген Турсуналинин жакындары. Видео
Кыргызстандыктар футболчуларын сыймыктануу менен кабыл алып, кыйкырык-сүрөөн менен алкап жатышты. Ар биринен автограф алып, селфи жасаганга да жетишти. Өзгөчө ал жердеги балдардын кубанычы, толкундоосу күч болду.

Дарбазачы Кутман Кадырбековду көргөн кичинекейлер "Кутман байке, бешти берчи!"- деп колун кысып калууга аракет кылып жатканын байкоого болот.

Быйыл Кыргызстандын курама командасы тарыхта биринчи жолу Азия кубогунда ойноду. Тайпалык этапта кытайлыктар менен түштүккореялыктарга жеңилип, үчүнчү оюнда филиппиндиктерди 3:1 эсеби менен жеңген. Муну менен кыргызстандыктар өз тайпасында үчүнчү орунду алып, 1/8 финалга чыккан. Тилекке каршы, чейрек финалга өтө албай, БАЭге 3:2 эсебинде утулуп калган.

Бирок бул оюнду социалдык тармактын Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү колдонуучулары мыкты беттеш болгондугун, Кыргызстандын курама командасынын артыкчылыгын белгилешти.

1 / 15
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасын эл аралык "Манас" аба майданынан тосуп алууга чоң кишилер эле эмес, түн уйкусуна кайыл болуп жаш балдар да барды
2 / 15
Футболчуларды биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов баштаган бийлик өкүлдөрү тосуп алды. Алар учактан түшүп жатканда оркестр ойноп жатты.
3 / 15
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасынын жылдызы жанган дарбазачысы Кутман Кадырбеков. Бул спортчу канчалаган жаш балдардын жүрөгүнө футболго болгон кызыгуунун үрөнүн септи экен...
4 / 15
Рефери Фу Минг футбол боюнча Азия кубогунун 1/8 финалына болгон Кыргызстан жана Бириккен Араб Эмирлигинин курама командаларынын оюнундагы "калыстыгы" менен көптөрдүн эсинде калды. Кыргызстандагы петициядан бир көрүнүш.
5 / 15
Крестинин, Крестинин... Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасынын башкы тренери Александр Крестининден үмүттөр али көп
6 / 15
Кыргызстандын, Кара-Балтадагы кичинекей бир үй-бүлөнүн каарманы, сыймыгы Турсунали Рустамов. Жакын адамынын мойнуна асылган кичинекей
7 / 15
"Кутман байке, бешти берчи!"- деген тестиерлер колун кысууга ашыкты. Кыргызстандын курама командасынын дарбазачысы Кутман Кадырбеков кичинекей күйөрманга кол тамга берип жатат.
8 / 15
Журналисттер улуттук команданын мыкты оюнчусу Виталий Люкстан интервью алышууда. Ал филиппиндиктер менен болгон беттеште үч гол киргизген.
9 / 15
Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов бардык футболчуларга ыраазычылык билдирди
10 / 15
Кыргызстандыктар жакшы таанып калган баягы эле Фу Минг. Күйөрмандар анын сүрөтүн аэропортко да көтөрө барышкан.
11 / 15
Кыргызстандын футболчулары канчалаган адамдарды толкундатып, түн күзөтүп футбол көрүүгө аргасыз кылды. Футболго болгон сүйүүнү ойготту.
12 / 15
Бул жигиттер миллиондогон адамдардын духун көтөрүп, сыймакка бөлөдү. Азия кубогуна катышып келген спортчуларды күйөрмандар жана журналисттер тосуп алды.
13 / 15
Кыргыз футболчуларынын Азия кубогуна барышы жалпы кыргызстандыктарды биримдикке үндөдү
14 / 15
Кыргызстан кубогунун жеңүүчүсү, мыкты чабуулчу жана оюнчу, атактуу Антон Землянухин менен күйөрмандар сүрөткө түшүүдө
15 / 15
Футболчулар автобуска бара жатканда күйөрмандар курчап алып, алардын атын айтып кыйкырышты