"Кыргыз темир жолундагы" казак жараны делген жетекчи кызматтан алынды

Тийиштүү буйрукка мекеменин башкы директору кол койгон.
Sputnik

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин биринчи орун басары Алымжан Хасанов директордун буйругу менен кызматтан алынды. Бул тууралуу өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Темирбаев сөз болуп жаткан Хасанов Казакстандын жараны экенин айтып, буга чейин бир катар депутаттар маселе көтөргөнүн эске салды.

Кыргыз-өзбек темир жол ишканаларынын алакасында кезектеги жеңилдетүү болду
Белгилей кетсек, былтыр 29-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламенттин жалпы жыйынында "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп жакында дайындалган Алымжан Хасанов Казакстандын жараны деген маалыматты айткан

Ал "Кыргыз темир жолу" ишканасы стратегиялык маанидеги объекти экенин айтып, мындай алешемдикке жол берген адамдар, министрликтер жооп бериши керектигин кошумчалаган.

Эске салсак, Хасанов мамлекеттик ишкананын жетекчисинин биринчи орун басары болуп былтыр ноябрь айында дайындалган. Ага чейин "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасында кыймылдын коопсуздугу боюнча башкы текшерүүчү болуп иштеп келген.