Бир канча жыл мурун интернетке киргизилген сүрөттү кайра издөө менен таап алса болот. Бул тууралуу Нурсултан Жолочубеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, интернетке жүктөлүп, кайра колдонуучу тарабынан өчүрүлгөн ар бир маалымат атайын серверде сакталып турат.
"Бирөөлөр тарабынан кулптанган аккаунтту ошол уюм менен байланышып гана ачса болот. Ансыз ачылбайт. Интернетке жүктөгөн маалыматтан сак болуш керек. Ар бир сүрөт, маалымат, файл абдан чоң база болуп, атайын серверде сакталып калат жана эч качан өчүрүлбөйт. Ал жактан каалаган нерсени издеп, алып чыкса болот. Мисалы, бир киши бир канча жыл мурун терс кыймыл-аракет жасаган сүрөтүн киргизди дейли. Убакыт өтүп, ал адам бир чоң кызматта иштеп калды. Бул учурда ал тууралуу терс маалымат кимге керек болсо, издөө жолу менен таап, сууруп чыга алат", — деди Жолочубеков.
Ал интернетке киргизилген файлдар жок болуп кетпей сакталып тура берерин кошумчалады.