Мурда вирустук программалар боюнча көйгөйлөр көп сөз болсо, соңку учурда социалдык тармактагы коопсуздук боюнча көбүрөөк айтылып калды. Бул тууралуу Уланбек Мамбетакунов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, социалдык тармакка киргендердин 60 пайызы интернетке берилип кеткен.
"Бүгүнкү күндө интернеттеги коопсуздук темасы ар бирибизге тиешелүү жана абдан маанилүү. Мурда бул теманын айланасында сүйлөгөндө вирустук программалар боюнча көп айтылчу. Азыркы кезде болсо социалдык тармактагы коопсуздукка маани берилип, көбүрөөк сөз болуп калды. Медиа серепчилердин маалыматына таянсак, Бишкек шаарындагы элдин 95 пайызы, айылда жашагандардын 53 пайызы интернет колдонот. Социалдык тармакка киргендердин 60 пайызы берилип кеткендер болуп саналат", — деди Мамбетакунов.
Ал социалдык тармактын өнүгүшү менен жаш балдарга бул жаатта көбүрөөк маалымат берүү зарыл экенин кошумчалады.