БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik.Фархад Бекманбетов Абубакир Изибаев атындагы кыргыз мамлекеттик цирктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.
Тиешелүү буйрукка министр Азамат Жаманкулов кол койгон.
Ноябрдын соңунда цирк жамааты жетекчисине нааразычылык билдирип, мекемедеги пикир келишпестик тууралуу Жогорку Кеңеш трибунасынан айтылган.
Фархад Бекманбетов бир катар кыска жана толук метраждуу тасмалардын продюсери, "Айтыш" фондусунун жетекчиси, КТРКнын байкоочу кеңешинин төрагасы, маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары кызматтарын аркалаган.
Жакында эле цирк кызматкерлери Ак үй алдына өзгөчө митингге чыгып, аттардын коштоосунда оюн көрсөтүп жетекчилик кызматка жаачы Аида Акматованы көрсөтүп жаткандыктарын айтышкан.