УКМК: чагымчыл видеоролик жайылткан адам аныкталды, бирок кармала элек

Бул видеороликти улуттар аралык жаңжал чыгаруу максатында учурда Россияда жашап жаткан 26 жаштагы Э.О. аттуу кыргызстандык таратканы аныкталды.
Sputnik

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Интернетте чагымчыл видео тараткан адамдын ким экени аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Билдирмеге караганда, ыкчам-иликтөө иштеринен улам УКМК Өзбекстанда эки кишини ур-токмокко алган топтошкон адамдардын видеосун социалдык тармактар аркылуу "Ошто болгон" деп жайылткан адамды тапты.

"Бул видеороликти улуттар аралык жаңжал чыгаруу максатында учурда Россияда жашап жаткан 26 жаштагы Э.О. аттуу кыргызстандык адам таратканы аныкталды. Ал Жалал-Абад облусунда туулган", — деп жазылат маалыматта.

Учурда аталган факт боюнча материал кылмыш жана жаза бирдиктүү реестрине катталды. Шектүүнүн жасаган иши Кылмыш кодексинин 313-беренесине ("Расалык, этникалык, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу") туура келет.

Аткаминерлер кытайлыктардан 15 миң доллар пара алганбы? УКМКнын жообу
Аталган адамдын жашаган жеринде тийиштүү тергөө иштери жүрмөкчү.

Эске салсак, интернетте жана WhatsApp тиркемесинде топтошкон адамдардын эки кишини баш көтөртпөй сабаган видеосу тарап, анын алдына окуя Ош шаарынын Он-Адыр кичирайонунда болгон деп жазылган

УКМК маалымат кызматы аталган массалык мушташ 24-декабрь күнү Өзбекстандын Наманган шаарында болгонун билдирген.