Футбол, кубаныч, сыймык! "Ала-Тоого" эл толуп, ири автотыгын пайда болду. Видео

Бишкек шаарынын борбордук аянтында футбол күйөрмандары Азия кубогунан кайтып келген футбол боюнча курама команданы тосуп алды.
Sputnik

Чүй проспектиси Эркиндик проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейин убактылуу жабылгандыгына байналыштуу, шаардын борборунда автоунаа тыгыны пайда болду.

Жээнбеков футболчуларга сыйлык тапшырып, ыраазылыгын айтты
Жол саат 18.00гө чейин жабык болот.

Иш-чара эстрада жылдыздарынын концерти менен уланат.

Быйыл Кыргызстандын курама командасы тарыхта биринчи жолу Азия кубогунда ойноду. Тайпалык этапта кытайлыктар менен түштүккореялыктарга жеңилип, үчүнчү оюнда филиппиндиктерди 3:1 эсеби менен жеңген. Муну менен кыргызстандыктар өз тайпасында үчүнчү орунду алып, 1/8 финалга чыккан. Тилекке каршы, чейрек финалга өтө албай, БАЭге 2:3 эсебинде утулуп калган.