БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Бишкекте 84 социалдык кызматкерге жаңы форма, бут кийим жана инвентарь берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Жумушчулар мезгилге жараша кийилчү куртка, кышкы, жазгы-күзгү жана бөлмөдө кие турчу бут кийим, кол кап, мээлей, сумка, сүлгү, ысык тамак жеткирүүчү идиш, сфигмоманометр (кан басым өлчөөчү жабдуу) жана аптечка менен камсыз болушту.
Социалдык кызматкерлер жалгыз жашаган 680 пенсионер менен майып адамдарга жардам беришет. Алардын милдетине муктаждарга тамак-аш, дары-дармек алып келип берүү жана доктур чакыруу кирет.