Ошто үй өрттөнүп, кемпир көз жумду

Кишини забынга учураткан өрт эмес, ис болушу керек деген алдын ала маалыматтар айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. "Ош шаарында өрттөн 81 жаштагы кемпир каза тапты" деп билдирди ӨКМдин маалымат кызматы.

Жалын 22-январда кечки саат алтыларда чыгып, жыгач полдун төрт чарчы метри күйгөн.

Өрт өчүрүүчүлөр иш учурунда үйдөн улгайган аялдын сөөгүн тапкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, кемпир күйүп эмес, истен каза болгон.