Дүкөндүн алдындагы жапырт мушташтан киши бычак жеди. Москвада тартылган видео

Алгач супермаркеттин ичинен бир нече киши чуркап чыгып, уруша кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Москва шаарындагы соода жайлардын биринин алдында 20га чукул киши катышкан мушташ видеого түшүп калган. Бул туурасында РенТВ жазды. 

Москвадагы ресторанда теги кыргызстандык делген адамдар ок чыгарды
Окуя 19-январда болгон. Супермаркеттин ичинен бир нече киши чуркап чыгып, уруша кеткен. Муну менен токтоп калбастан, автоунаа токтотуучу жайдан дагы улантышкан. Аларга дагы башкалары кошулуп, кишилердин саны тез эле 20дай болуп көбөйүп кеткен. Ал жерде аялдардын жана балдардын да жүргөнүн көрүүгө болот.

Бул уруштун айынан 40 жаштагы киши бычак жеп, ооруканага жеткирилген.

РФ ИИМинин Москва боюнча бөлүмү алгач үч киши чатакташып, жаңжал кийин массалык мүнөзгө өтүп кеткендигин айтышты. Маалыматта тартип сактоочулар мушташтын катышуучуларын издеп жатканы айтылды.