БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Муниципалдык "Коломто" мекемесине жаңы керебеттер алынды. Бул туурасында Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Жаңы эмеректи социалдык өнүктүрүү боюнча башкармалык шаардык бюджеттин каражатына сатып берген. Ал майыптардын "Адилетүү биримдик" бирикмеси аркылуу жасалган.
"Учурда "Коломто" 70ке чукул үй-жайсыз адамдарга баш калкалоого мүмкүнчүлүк түзүп берип, ысык тамак-аш менен камсыздайт",— деп айтылат маалыматта.
Бишкек шаарында азыркы мезгилде үйсүздөр жашап турууга мүмкүнчүлүк берген төрт жай бар. Ал жерде түнөп жана тамактанууга болот.