Шайтандап кетти... Индияда ата-энеси ымыркайын тирүүлөй көөмп салган

Бөбөктү кудуктун жанына жашырышкан. Баланын өмүрүн кокусунан ошол жерде өтүп бара жаткан Дхармендра Кумар сактап калган.
Sputnik

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Индиянын Шахджаханпур штатында ата-эне жаңы туулган ымыркайын тирүүлөй көөмп салганга дити барган. Бул туурасында РИА Новости Daily Mail басылмасына таянып жазып чыкты. 

Жакшы кабар! Уранды алдында калган ымыркай палатага которулду. Видео
Аялы-күйөөсү жана алардын жакын эки тууганы туулганына 20 күн болгон наристени шамандын айтканын жасап, жок кылууга аракет кылышкан. Маалыматта ата-эне жергиликтүү көзү ачыктын "кызга тескери күчтөр кирип кеткен" деген сөзүнөн соң жогорудай кадамга барганы айтылат.

Бөбөктү кудуктун жанына жашырышкан. Баланын өмүрүн кокусунан ошол жерде өтүп бара жаткан Дхармендра Кумар сактап калган.

"Чыккан ый ушул жерге алып келди. Жерди казып жиберсем, ымыркай чыкты, тирүү экен", — деп айткан ал.

Кумар дароо ооруканага чуркаган. Дарыгерлердин аракети текке кетпей, бөбөк аман калган.

Жергиликтүү полиция качып кеткенге жетишкен аялды (баланын энесин) издөөгө алды. Ал эми калган "катышуучулар" камакка алынган.