Улак тартып, футбол ойногондо түкүрсө болобу? Депутатка өкмөттөн жооп. Видео

"Бир Бол" фракциясынын депутаты Бактыбек Турусбеков парламенттин 23-январындагы жыйынында "Футбол аянты коомдук жайга киреби?" деп суроо салды.
Sputnik

Юстиция министри Марат Жаманкулов: "Футбол аянты коомдук жайга кирбейт",- деп жооп кайтарды.

Депутат: "Футбол аянтында түкүрүүгө болобу?" — деп суроо салып, футбол аянтында түкүргөндөргө эми айып салып баштайбызбы деген соболун кошумчалады.

"Буура болуп кеткендер" бушайман кылып... Чынында 5500 сом аздык кылат
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков коомдук жайлар өзүнчө токтом менен бекитилгенин айтып, алардын катарына көчө, бульвар, аянттар, кинотеатр, цирк, концерттик зал, көрсөтмө залдары, спорт ареналары жана башка кишилер көп чогулган жерлер кирерин белгиледи.

Депутат: "Улак тартылып жаткан жер коомдук жайбы?" — деп сураганда Разаков ал нерсе мыйзамда так жазылбаганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 1-январдан тарта күчүнө кирген жаңы кодекске ылайык, коомдук жайларда түкүргөндөргө 5500 сом айып салынат. Бул нерсе өз кезегинде коомдо түрдүү пикирлерди жаратып, президент менен өкмөт өз пикирин айткан. Эми киргизиле турчу өзгөртүүлөр боюнча айып пулдун баасы 1000 сомдон ашпайт деп сөз беришүүдө.