Баланын жакшы окушу үчүн эмне кылуу керек? Мугалимдердин кеңеши

Иликтөөгө 1,5 миң окутуучу катышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Баланын мектепте жакшы көрсөткүчкө ээ болушуна саякат оң таасир этет. Бул тууралуу "Известия" жазды. 

Министр Кудайбердиева китептеги каталар, ЖОЖдогу окуу акысы, жеке турмушу тууралуу
Американын Студенттик жана жаштар туризми ассоциациясы 1,5 миң мугалим арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Катышуучулардын 56 пайызы саякаттоо баланын окуудагы ийгиликтерин шарттай турганын, мындай окуучулар келечекте жакшы жумуш табуу мүмкүнчүлүгү көбүрөөк экенин айтышкан. Ал эми 53 пайызы эки жакка көп чыккан бала мектеп программасын жакшы өздөштүрөт деген ойдо.

Сурамжыланган педагогдордун 74 пайызы саякат баланын өзүн-өзү өнүктүрүүгө болгон каалоосун күчөтүп, шык-жөндөмүн арттыра турганын айткан. Иликтөөдө эл-жерди көргөн бала өз алдынча болуп, бир нерсе үйрөнүүгө дилгир болуп калары белгиленет.