Жээнбеков УКМКны киберкоопсуздукту камсыздоого чакырды

Өлкө башчысы коррупцияга каршы күрөштү улантуу керектигин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Идрис Кадыркуловду кабыл алып, Коопсуздук кеңештин 2018-жылдын 8-февралындагы жана 14-декабрындагы чечимдерин аткаруу боюнча көрүлүп жаткан чараларды талкуулады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди. 

Председатель ГКНБ КР Идрис Кадыркулов

Коррупция менен күрөштөн түшкөн акча кайда жумшалат. Президент жооп берди
Кадыркулов өлкө жарандарынын коопсуздугун камсыздоо, ички, тышкы коркунучтарга, эл аралык террорчулукка жана диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча комитеттин ишмердиги жөнүндө маалымат берди.

Президент өлкөнү санариптештирүү иштеринин алкагында УКМК тиешелүү органдар менен биргеликте киберкоопсуздукту камсыздоосу зарылдыгын айтты. Андан сырткары маалыматтык инфраструктураны ишенимдүү коргоо жагын да көз жаздымда калтырбашы керектигин белгилеген.

Жээнбеков ошондой эле коррупцияга каршы күрөштү улантуу керектигин айтты.