Кичин Валерий Сергеевич — өмүр баяны

Валерий Кичин 1992-жылдын 12-октябрында Бишкек шаарында туулган. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын коргоочусу, вице-капитаны. Бир нече оюнга капитан катары катышкан. Футболдук карьерасын "Камбар-Ата" командасында баштаган.
Sputnik

Ойногон клубдары:

2007-2009 — "Абдыш-Ата" клубу (Кант, Кыргызстан);

2009-2013 — "Дордой" клубу (Бишкек, Кыргызстан);

2013-2014 — "Волга" клубу (Нижний Новгород, Россия);

2014-2016 — "Анжи" клубу (Махачкала, Россия);

2016-жылдан ушул учурга чейин "Енисей" клубунун оюнчусу (Красноярск, Россия);

Жетишкендиктери:

Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогунун финалисти (2010). Кыргызстан кубогунун ээси (2010-2011). Кыргызстан чемпионатынын жеңүүчүсү (2011-2012). Россиянын Улуттук футбол лигасынын коло медалынын жеңүүчүсү.

Улуттук курама команданын катарына 2011-жылдын 23-июлунда кошулуп, алгачкы жолу Өзбекстан менен беттешке катышкан.

Үй-бүлөлүү.