БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Бишкекте №7 автобус 16 жаштагы кызды коюп кеткенин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Жол кырсыгы шейшемби күнү болжол менен саат 15.30дарда Чүй жана Жаш гвардия проспектилеринин кесилишинде болгон. Кыздын жол чийинден өтүп бара жатканы айтылып, өспүрүм ооруканага жеткирилди.
Автобустун айдоочусу 29 жашта экени белгилүү болду. Унаа атайын унаа токтотуучу жайга токтотулуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Ушу тапта баштапкы тергөө жүрүп жатат.