БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Бишкекте автоунаасынын терезесин мыйзамсыз караңгылатып алгандарды аныктоо боюнча рейд башталганын ИИМдин ЖКККББ маалымат кызматы билдирди.
Рейд Транспорт министрлигинин өкүлдөрү менен чогуу өтүүдө. Анткени 1-январдан тарта күчүнө кирген Эреже бузуулар боюнча кодекске ылайык, маңдайкы терезелерин караңгылатып алгандарга чараны Транспорт министрлиги көрөт. Буга чейин бул милдет ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында болчу.
Текшерүү милдети ИИМге кайтарылганга чейин Транспорт министрлиги милиция менен чогуу мыйзам бузгандарды аныктап турмакчы.