Бактыяр Дүйшөбеков — өмүр баяны

Бактыяр Дүйшөбеков 1995-жылы 3-июнда Ысык-көл облусундагы Түп районунун Күрмөнтү айылында туулган. Кыргыз улуттук университетинин бизнес жана башкаруучулук факультетин бүтүргөн. КРдин футбол боюнча курама командасынын мүчөсү, жарым коргоочу. Карьерасын ИИМдин "Динамо" клубунда баштаган.
Sputnik

Ойногон клубдары:

2010-2015 — "Абдыш-Ата" (Кыргызстан);

2016 — "Крумкачы" (Белоруссия);

2017 — "Спарта Давсаспор" (Түркия);

2018 — "Дордой" (Кыргызстан);

2018 — "Келантан" (Малайзия), "Башундхара Кингз" (Бангладеш).

Жетишкендиктери:

2014-2017 — КРдин чемпионатынын күмүш медаль ээси;

2015 — Кыргызстандын кубогунун жеңүүчүсү;

2010 — Кыргызстан лигасынын жеңүүчүсү;

2017 — Tsunami Cup эл аралык турниринин жеңүүчүсү (Индонезия).

Бойдок.