Кыргызстан мунайды Казакстандан бажы төлөмүсүз ташуусу ыктымал

Келишимдин долбооруна ылайык, Казакстан ички колдонуу үчүн алынган товарлардын тийиштүү көлөмүнө бажы төлөмдөрүн албайт.
Sputnik

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстандын жумушчу топтору өкмөттөр аралык мунай жана мунай продуктуларын жеткирүү тармагында соода-экономикалык кызматташуу жаатындагы келишимди талкуулоону баштады. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөр 21-январда Бишкекте башталды.

"Талкууланып жаткан долбоорго ылайык, казак тарап ички колдонуу үчүн алынган товарлардын тийиштүү көлөмүнө бажы төлөмдөрүн албайт", — деп айтылат маалыматта.

Макулдашуунун ишке ашуусун Кыргызстандын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети менен Казакстандын энергетика министрлиги көзөмөлдөйт. Сүйлөшүүлөрдүн экинчи этабы Казакстанда жакынкы убакытта болот.