Сотко аз калды. Артыкбаев менен Сатыбалдиевдин иши тергелип бүттү

Сатыбалдиев менен Артыкбаев ТЭЦ чуусуна байланыштуу кылмыш ишинин алкагында камакка алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев менен экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге козголгон кылмыш иштери боюнча тергөө аягына чыкты. Бул маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) маалымат катчысы Рахат Сулайманов Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.

"Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") боюнча айыбы угузулду. Учурда жактоочулар иштин материалдары менен таанышып жатат", — деди Сулайманов.

Эске салсак, Сатыбалдиев менен Артыкбаев ТЭЦ чуусуна байланыштуу кылмыш ишинин алкагында камакка алынышкан.

Артыкбаев 2018-жылдын 5-июнунда "Бишкек ТЭЦти модернизациялоонун алкагында коррупциялык иштерге барган" деп айыпталган. Ал эми мурдагы өкмөт башчы УКМКнын тергөө абагына 18-июнь күнү киргизилген