АКШда бейтапка гепатит С менен ооруган кишинин жүрөгү салынды

АКШнын 49 жаштагы тургуну жүрөк кемтиги менен төрөлгөн. Ага акыркы төрт жылда төрт ирет операция жасалган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. АКШнын Анакортс шаарынын тургуну Керри Хайска гепатит С дарты менен ооруган кишинин жүрөгү салынып, кийин бул дартты жеңген биринчи бейтап болуп калды. Бул тууралуу Seatle Times басылмасы жазды.

Адам органдарын трансплантациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоору артка кайтарылды
Маалыматка ылайык, АКШнын 49 жаштагы тургуну жүрөк кемтиги менен төрөлгөн. Ал 28 жашында жүрөк алмаштыруу операциясына муктаж болгон. Акыркы төрт жылда Хайс жүрөгүнө төрт жолу операция жасаткан. Ал эми соңку бир жарым жылдан бери жасалма жүрөк менен жашап келген.

Дарыгерлер Хайска кезексиз түрдө операция жасап, бирок ага гепатит С менен ооруган донордун жүрөгү салынарын эскерткен.

Басылманын жазышынча, операция былтыр июль айында жасалып, бейтап гепатит С дартын дарылоо боюнча процедурадан өткөн. 20-декабрда жүргүзүлгөн текшерүү учурунда ал гепатиттен толугу менен айыкканы белгилүү болгон.

Гепатит боордун оорусу, ал дүйнө жүзүндөгү эң олуттуу оорулардын бири. Гепатиттин беш түрү бар, алар: A, B, C, D жана E. Гепатит C дарты кан жана жыныстык катнаш аркылуу жугат.