Манас Ниязовдун формасы сатылды. 80 миң сом эмнеге жумшалат

Аукцион 11-январда башталган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Атактуу улакчы Манас Ниязовдун формасы Instagram тармагында 80 миң сомго сатылды.

Сынактын жыйынтыгы көк бөрү боюнча күйөрмандардын баракчасына жарыяланды.

 

 

Саматов: тай казансыз көк бөрүнү колдогондордун аракети ишке ашкан жок
Алгач форма 2 миң сомдон башталып, соодалашуу кечээ аягына чыкты.

Маалыматта көк бөрүчүнүн кийимин Руслан аттуу жигит 80 миң сом сунуштап, сатып алган. Формасын көк бөрүчү Ниязов өзү тапшырары айтылды.

Акчанын мындан бир нече убакыт мурда көк бөрү ойноп жатып кырсыктаган Дастан Жакеевдин дарылануусуна жумшалары айтылды. Ал 2018-жылы май айында Чүй облусунун чемпионатында кырсыктап, алигиче өз алдынча баса албай келет.