Кыргызстан футболчулары БАЭ командасын ута алабы? Пикирлер

Оюн Абу-Дабиде 21-январь күнү өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстан курама командасынын Бириккен Араб Эмирлигинин футболчуларын утуп алуу мүмкүнчүлүгү төмөн. Мындай божомолду букмекерлер айтышты.

Азия кубогу: плей-оффко чыккан командалар жана оюн өтчү күндөр айтылды. Таблица
Азия кубогу өтүп жаткан мамлекеттин командасы менен кыргызстандыктар 1/8 финалдын алкагында 21-январь күнү Абу-Даби шаарында кездешет. Оюн Бишкек убактысы менен саат 23.00дө башталат.

"Марафон бет" деп аталган букмекердик контора кыргызстандыктардын жеңишине 7,7 коэффициентин койсо, арабдарга 1,45 берген. Ал эми негизги оюндагы тең эсепке 4,3 берилген.

Эскерте кетсек, КР командасы тайпалык беттеште Кытай жана Түштүк Корея командаларынан утулуп, филиппиндиктерди 3:1 эсеби менен утуп алган. Плей-оффко улуттук команда тайпадагы үчүнчү орундан чыккан