Мексиканын жарандары мунай уурдап жатканда түтүк жарылып, 20 адам каза болду

Өзгөчө кырдаал болгон аймактан тургундар көчүрүлүп, аймак курчоого алынды.
Sputnik

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Мексикада күйүүчү май өтүүчү Туспан-Тула түтүгү жарылып, кеминде 20 адам каза болду. Дагы 71 адам жаракат алган. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Financiero басылмасына шилтеме берип жазды.

Билдирмеге караганда, 350дөн ашык адам мыйзамсыз негизде түтүктү кесип, андан бидон жана канистрлерге күйүүчү май толтуруп жатканда жарылып кеткен. Кырсык болгон жерге Pemex компаниясынын өкүлдөрү менен аскер кызматкерлери жиберилген.

​"ИИМ башчысы Идальго Симон Варгас Агиларга жабыркагандардын үй-бүлөсүнө жардам бергиле деп буйрук бердим. Бизди федералдык бийлик кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык керектүү жабдыктар менен камсыздоодо", – деп Идальго штатынын губернатору Омар Файяд өзүнүн Twitter баракчасына жазды.

Иранда кыйраган учак боюнча кыргыз өкмөтү үн катты
Өзгөчө кырдаал болгон аймактан тургундар көчүрүлүп, кырсык болгон жер курчоого алынды. Денеси катуу күйгөндөр Мехиконун эки ооруканасына жөнөтүлдү. Калаа башчысы Клаудия Шейнбаум кырсык болгон аймакка төрт медициналык тик учак жиберилгендигин билдирди.

Ал эми буга чейин күйүүчү май уурдагандарга согуш жарыялаган президент Андрес Мануэль Лопес Обрадор жабыркагандарга бийлик жардам бере тургандыгын айтты.

Жыл башында Мексиканын жаңы өкмөтү бензин уурдагандарга каршы стратегиясын ишке ашырган. Бийлик түтүктөр мыйзамсыз көп кесилген аймактарга күйүүчү майды жөнөтүүнү токтотуп, аны цистерналар менен ташууга өткөн. Мындан сырткары, мунайды кайра иштеткен бардык заводдор менен стратегиялык объектилердин ташуу ишине аскер күчтөрү тартылган. Мунун айынан бензин жеткирүү ишинде тоскоолдуктар пайда болуп, май куюучу жайларда узун кезек жаралган.