Мэрилин Монронун тутам чачы сатыкка коюлду

Монронун чачы атайын айнек идишке салынган.
Sputnik

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Америкалык белгилүү актриса Мэрилин Монронун чачын Moments in Time долбоорунун негиздөөчүсү Гэри Цимент 16,5 миң долларга сатыкка койгонун Forbes басылмасы жазды.

Актрисанын тутам чачы ал 1959-жылы чач тарачка барганда кыркылган. Аны Кеннет Баттелл сактап койгон. Баттел 1958-жылдан 1962-жылга чейин актрисанын жеке чач тарачы болуп иштеген.

Маалыматка ылайык, Монронун чачы атайын айнек идишке салынган.