Бишкектеги жаштар аллеясындагы "Көз айнек" сынып калды. Сүрөт

"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери келишти.
Sputnik

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкектеги жаштар аллеясына коюлган "Көз айнек" инсталляциясынын айнеги сынып калганын күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирип, сүрөттөрдү жөнөттү.

Разбитая инсталляция "Очки" на Аллее молодежи в Бишкеке

"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Элнура Жолдошеванын айтымында, айнектин сынып калганын 19-январда эртең менен байкашкан.

"Жаштар аллеясындагы көз айнекти кызматкерлерибиз оңдоду. Ал кантип сынып калганы азырынча белгисиз. Кечээ болгон катуу шамалдан ал жабыркаган эмес болчу", — деди Жолдошева.

1 / 2
"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Элнура Жолдошеванын айтымында, айнектин сынып калганын 19-январда эртең менен байкашкан
2 / 2
"Жаштар аллеясындагы көз айнекти кызматкерлерибиз оңдоду. Ал кантип сынып калганы азырынча белгисиз. Кечээ болгон катуу шамалдан ал жабыркаган эмес болчу", — деди Жолдошева.

Аталган инсталляция буга чейин да бир нече ирет сынган.