БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкектеги Ак-Муз көчөсүндө ири өрт чыкканын күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp каналы аркылуу билдирип, сүрөттөрүн жиберди.
Анын айтымында, үч кабаттуу үй өрттөнгөн.
ӨКМдин маалымат кызматы кырсык болгонун тастыктады. Куткаруучуларга таңкы саат 4:18де билдирүү түшкөн. Жерине үч өрт өчүрүүчү унаа чыгып кеткен. Өрт толугу менен саат 7:15те өчүрүлдү.
Адам өлүмү катталган жок, учурда кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.