Нуньес Шевченкону утуп, үч салмакта UFC чемпиону болууну көздөп жатат

Кыргызстандык спортчу былтыр декабрда Канадада өткөн UFC 231 турниринин алкагында Джоанна Енджейчикти жеңгенден кийин чемпион болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. UFC уюмунунун жеңил (61 кг) жана жарым жеңил (65 кг) салмак боюнча чемпиону Аманда Нуньес кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко менен кармашып, үч салмакта тең чемпион болууга ниеттенип жатат. Бул туурасында аралаш мушташ боюнча кабарларды жазган MMA Fighting порталында айтылат.

Валентина Шевченко Кыргызстандын футболчуларына жеңиш каалады. Видео
Шевченко былтыр декабрда Канадада өткөн UFC 231 турниринин алкагында Джоанна Енджейчикти жеңгенден кийин эң жеңил (57 кг) салмакта чемпион болгон. Беттеш бүткөндө ал Нуньес менен "бүтпөй калган" иши бар экендигин айткан.

Ал эми Аманда Нуньес жакында эле мекендеши Крис Сайборгду утуп, эки салмакта мыкты деп табылган. Бирок Нуньес Сайборг менен реванш-беттешке чыкпай турганын жар салып, анын кийинки атаандашы Шевченко экендигин билдирген.

"Кечир, Крис, мен мындан ары 65 килограмм салмакта кармашпайм. Сага татыктуу атаандаштар арбын деп ойлойм. Менин максатым башка. Тагыраагы, өз салмагымдан түшүп, Валентина Шевченко менен күч сынашууну пландап жатам", — деп жазган Нунис Twitter аккаунтунда.

Буга чейин Валентина Шевченко менен Аманда Нуньес октагандо эки ирет жолугуп, бардыгында тең бразилиялык спортчу калыстардын чечими менен жеңишин майрамдаган.