БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Азия кубогунун Twitter баракчасында финалдын 1/8 бөлүгүнө чыккан командалар менен беттеше турган күндөрүнүн расписаниеси жарыяланды.
Плей-оффто ойной турган 16 команданын баары белгилүү болду.
20-январь
- Таиланд — Кытай;
- Иран — Оман;
- Иордания — Вьетнам.
21-январь
- Япония — Сауд Аравиясы;
- Кыргызстан — БАЭ;
- Өзбекстан — Австралия.
22-январь
- Түштүк Корея — Бахрейн;
- Катар — Ирак.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын командасы тарыхта биринчи жолу аталган чемпионатка катышып, ийгиликтүү оюн көрсөтүп жатышат. Улуттук команда плей-оффко Филиппин командасын утуп, тайпадагы үчүнчү орундан чыкты.