Майып балдардын багуучулары 65 жаштан ашпаган, психикасы туруктуу, кат-сабаты жоюлган адам болуусу шарт. Бул тууралуу Саида Асанбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын жакындарына таштап, башка мамлекетке чыгып кетип жаткан ата-энелер көбүнчө 65 жаштан өйдө курактагы адамдарды багуучу катары көрсөтүшүүдө.
"Майып балдардын ата-энесинин бирине же ага атайын бекитилген багуучусуна мамлекет тарабынан 4900 сом өлчөмүндө айлык төлөнөт. Бул багытта учурда документтерди чогултуу иштери жүрүп жатат. Тилекке каршы, бизде ички жана сырткы миграция күчтүү болгондуктан, көптөгөн ата-энелер балдардын чоң ата, чоң энелерин багуучу катары көрсөтүшүүдө. Бирок багуучуга мамлекет тарабынан атайын коюлган талаптар бар. Ал 65 жаштан ашпаган, психикасы туруктуу жана кат-сабаты жоюлган адам болуусу шарт. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балага өзгөчө камкордук керек. 65 жаштан жаш курагы өйдө адамдын мындай камкордук көрсөтүшү өзүнө да, балага да оорчулук жаратат. Андыктан учурда аймактарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз," — деди Асанбаева.
Ал бул долбоорду КМШ мамлекеттеринин ичинен Кыргызстан биринчи болуп ишке киргизип жаткандыгын кошумчалады.