"Кумтөр" жумушчуларынын маянасын көтөрүп, сый акы берди

Ар бир жумушчунун санаторийде эс алууга мүмкүнчүлүгү бар. Эгер чет өлкөдө эс алууну кааласа, ага 30 миң сом берилет.
Sputnik

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. "Кумтор Голд Компани" ишканасы жумушчулардын маянасын 10 пайызга көтөрөт. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, 2019-жылдын 1-январынан тарта жумушчулардын маянасы жети пайызга жогорулады. Келерки жылы дагы үч пайызга көтөрүлөт.

Былтыр экономикалык өсүү болгонбу? Статкомдун маалыматы
Компания 2018-жылды жыйынтыктап, жумушчуларынын ар бирине 70 миң сомдон сый акы төлөп берди. Буга жалпы жонунан үч миллион доллар сарпталган.

Мындан сырткары, ар бир жумушчунун санаторийде эс алууга мүмкүнчүлүгү бар. Эгер чет өлкөдө эс алууну кааласа, ага 30 миң сом берилет.

Жумушчу ооруп калса, ал жылына материалдык жардам катары 50 миң сом ала алат. Ал эми балалуу болгон аялдарга 30 миң сом төлөнөт. Чүрпөсүн кароо үчүн эмгек өргүүгө кеткен аялдар баласы 1,5 жашка чыкканча ай сайын беш миң сомдон алып турат.

Мындан сырткары, стажына жараша маяна чегерилип, кварталдык сый акы берилет. Инфляция, девальвацияга жараша дагы айлык акы индексацияланат.

Эскерте кетсек, "Кумтөр" — өлкө бюджетинин негизги бөлүгүн түзгөн ири компания.