БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Австралиялык модель Чарли Октавиянын бриллиант чапталган эриндери Гиннестин рекорддор китебине кирген. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтында маалымдалат.
Стилист кыздын эриндерин алгач кара помада менен боеп, андан соң кирпик чаптаган клей менен баалуу таштарды бирден коюп чыкканын айткан.
Модель кыздын эриндерине жарым миллион долларлык 126 бриллиант чапталган.