Бишкектен Ошко уча албай калгандар нааразы болду. Компания себебин түшүндүрдү

Учактын техникалык мүчүлүштүктөрүнөн улам жума күнкү Бишкек — Ош — Бишкек маршруту боюнча эки каттам токтотулду.
Sputnik

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. 18-январь күнү эртең менен Бишкек шаарынан Ошко аткарыла турган каттам жарым саат калганда токтотулду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине жүргүнчүлөрдүн бири кабарлады.

1 / 2
Недовольные пассажиры авиарейса Бишкек-Ош, который был отменен за полчаса до вылета
2 / 2
Каттамды күтүп жаткан 150дөй адам учар-учпасы жөнүндө эч бир кепилдик ала албай, шаарга кайтууга аргасыз болушту.

"Учак асманга саат 7.55те көтөрүлмөк. 7.30дар чамасында Air Manas компаниясынын өкүлдөрү жүргүнчүлөргө келип, каттам техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам токтотулганын жана качан аткарыларын билбей турганын айтышты. Башка компаниянын учагына дагы которо албасын кошумчалашты. Билеттин акчасын кайтарып бересиңерби десек, кайсы компаниядан сатып алсаңар, ошолорго кайрылгыла деп коюшту", — деди Жалгүл Сабырова аттуу жүргүнчү.

Анын айтымында, каттамды күтүп жаткан 150дөй адам учар-учпасы жөнүндө эч бир кепилдик ала албай, шаарга кайтууга аргасыз болушту.

Авиабилеттер 40 пайызга арзандайт дешти. Жаңы мыйзамда дагы эмне бар?
"Бир дагы суроого жарытылуу жооп ала алган жокпуз. Жада калса, күтүү залында бир нече сааттан бери отурган жүргүнчүлөргө жок дегенде суу берип коюшкан жок. Билетин саткандан кийин кызматты көрсөтө албай калса, майда-чүйдө чыгымды жаап, кайра шаарга жетип алуу үчүн жол кире менен камсыздаса болмок да", — деп наазары болду Сабырова.

Air Manas компаниясынын аталган каттамы токтотулганын "Манас" аэропортунун диспетчерлик кызматынан тастыкташты.

Окуянын чоо-жайын билүү үчүн аталган компаниянын маалымат кызматына кайрылганыбызда, каттам техникалык мүчүлүштүктөн улам аткарылбаганын айтышты.

"Техникалык кызмат проблеманы байкаары менен оңдоо иштерин баштады. Ошол себептен, бүгүнкү Бишкек — Ош — Бишкек маршруту боюнча эки каттам токтотулду. Жүргүнчүлөр билеттерди келерки учууларга алмаштырып же акчасын кайтарып алса болот", — деп түшүндүрүштү компаниядан.

Ушул эле компаниянын учагы мындан үч ай мурда Москва шаарынын "Домодедово" аба майданында бузулуп калган. Ал оңдолуп, Бишкекке эки суткадан кийин гана учуп келген