Бишкектин көчөлөрүндө Spiderman жүрөт. Сүрөт

Күбө Marvel комиксинин "каарманын" эл таңыркап карап жатканын билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Бишкектин көчөлөрүндө Marvel комиксинин Spiderman каарманынын костюмун кийген киши жүрөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.

1 / 3
Бишкектин көчөлөрүндө Marvel комиксинин Spiderman каарманынын костюмун кийген киши жүрөт
2 / 3
Анын айтымында, сүрөт бүгүн, 18-январда, тартылган
3 / 3
"Ал Чүй проспектисинин 7-Апрелден Ибраимовго чейинки бөлүгүндө жүрдү. Аябай тез басып баратты. Айланадагы адамдар аны таңыркап эле карап жатышты", — деди күбө.

Анын айтымында, сүрөт бүгүн, 18-январда, тартылган.

"Ал Чүй проспектисинин 7-Апрелден Ибраимовго чейинки бөлүгүндө жүрдү. Аябай тез басып баратты. Айланадагы адамдар аны таңыркап эле карап жатышты", — деди күбө.

Ал ошондой эле "каармандын" бутуна жөргөмүштүн сүрөтү тартылган кутуча байланганын кошумчалады.