КРдин Франция жана Бельгиядагы элчиси Асеин Исаев Индияга которулушу мүмкүн

Исаев учурда Кыргызстандын Франциядагы жана Бенилюкс өлкөлөрүндөгү элчиси болуп иштейт.
Sputnik

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Индиядагы толук ыйгарым укуктуу элчилигине талапкер катары Асеин Исаевди көрсөттү. Бул туурасында парламенттин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинен билдиришти.

Азырынча комитет анын талапкерлигин качан карай турганы белгисиз.

Асеин Исаев учурда Кыргызстандын Франциядагы жана Бенилюкс өлкөлөрүндөгү элчиси болуп иштейт. Ага чейин ал Тышкы иштер министрлигинде статс-катчы, Аскар Акаевдин тушунда президенттик аппаратта эмгектенген. Эмгек жолун Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда мугалим болуп баштаган.