БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. 2068-жылы Жерге "Апофис" астероиди кулап түшүшү мүмкүн. Ал эми 2029-жылы биз жашаган планетадан өтө жакын аралыкта кыйгап өтөт. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Бул маалыматтар Петербург мамлекеттик университетинин асман механикасын иликтеген кафедрасынын маалыматтарына таянып жарыяланган.
Ал кооптуу учурга чейин астероид Жерге дагы бир ирет, 2044-жылы 16 миллион чакырымга жакындап келет. 2051-жылы 760 миң, андан тогуз жылдан соң кайра оолактап, 5 миллион чакырым аралыкта жандап учат.
"Апофис" Жер менен 2068-жылы кагылышат деген маалыматты НАСА мурда билдирген. Гавай жана Пиза университетинин окумуштуулары бул кагылышуунун ыктымалдыгы 1 миллионго 2,3 экени айтылды.
325 метрлик "Апофис" 2004-жылы табылган. Бул ачылыштан кийин анын биздин планета менен кагылышы 2029-жылы болот дешкен. Бир аз убакыт өткөндөн кийин ал жакындап келип, бирок багытын өзгөртөөрү, бирок кийин кайтып келери айтылган.