Air Manas эртеңки айрым каттамдарын токтотту

Аталган компания жума күнкү учууларын аткарган эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Air Manas 19-январь күнкү каттамдарынын теңин токтотту. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун сайтында жарыяланды. 

Бишкектен Ошко уча албай калгандар нааразы болду. Компания себебин түшүндүрдү
Эске салсак, бүгүн, 18-январь күнү аталган компаниянын саат 7.55те Бишкек — Ош маршруту менен аткарыла турган каттамы ишке ашкан эмес. Анда компаниянын маалымат кызматы “техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам учпай калганын, бирок көйгөй жоюлуп жатканын” айткан. 

Ал эми аэропорттун сайтында аталган авиакомпаниянын эртең Бишкектен Ошко саат 7.55 жана 12.00дөгү, ал эми Оштон Бишкекке 9.50 жана 13.50дөгү учуулары токтотулганы көрсөтүлгөн.

Эске сала кетсек, компания келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн өз кардарларынан кечирим сурап, билеттин акчасын кайтарып алса боорун эскертишкен.