Абылгазиев кытай жарандарына каршы өткөн митинг боюнча пикирин билдирди

17-январда "Ала-Тоо" аянтында митинг болуп өттү. Акциянын катышуучулары "кытай экспансиясын" токтотуу жана айып пулдардын көлөмүн азайтууну талап кылышты.
Sputnik

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев митингчилердин талаптарын укту. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өкмөт башчынын маалымат катчысы Адилет Султаналиев билдирди. 

Кечээ, 17-январда "Ала-Тоо" аянтында митинг болуп өттү. Акциянын катышуучулары "кытай экспансиясын" токтотуу жана айып пулдардын көлөмүн азайтууну талап кылышкан

"Жарандардын талаптары премьер-министрге албетте жетти жана ал боюнча иштер алып барылат. Бирок өкмөт башаламандыкка же башка жарандардын укугунун бузулушуна жол бербейт. Буга ишенип коюңуздур", — деди маалымат катчы. 

Митингге чыккандарды массалык кармоо учуру видеодо
Ал ошондой эле бардык талаштуу учурлар коркутуу, үркүтүү жолу менен эмес, тынч негизде чечилиши керектигин белгиледи. 

"Бирок митинг учурунда Кытай жарандарына турмушка чыккан кыздардын саны миң эсе көбөйтүлүп айтылды. Мындай туура эмес маалыматтарды таратууга жол берилбейт. Акцияга чыккандар жоопкерчиликти унутпаса", — деди Султаналиев. 

Ал ошондой эле митингдин өтүшүнө эч ким жолтоо болбогонун, ал эми милиция өз ишин так аткарганын кошумчалады.