Радио

Акышев: жаңы мыйзамдын ички каттамдардын баасына тиешеси жок

Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Курманбек Акышев Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзамы ички каттамдардын баа саясатына таасирин тийгизбей тургандыгын айтты.
Sputnik
Акышев: жаңы мыйзамдын ички каттамдардын баасына тиешеси жок

"Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы башка өлкөлөрдүн жарандык жана жүк ташуучу авиакаттамдарынын Кыргызстан аркылуу учушуна гана жол ачат. Мыйзам тикелей баа саясатын жүргүзүүгө багытталган эмес. Бул тууралуу Курманбек Акышев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, республика аркылуу учкан чет элдик авиакомпаниялардын саны көбөйүп, атаандаштык жаралганда гана ички каттамдарга болгон баа арзандашы мүмкүн. Бирок буга көп убакыт керектелет.

"Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы билеттердин баа саясатына эч кандай түз таасирин тийгизбейт. Мыйзам чет элдик авиакомпаниялардын биз аркылуу жүк, жүргүнчүлөрдү ташып өтүүсүнө, Кыргызстандан ошол өлкөлөргө түз каттамдардын ачылышына гана уруксат берет. Ошонун негизинде атаандаштык күчөп, жергиликтүү авиакомпаниялар ички каттамдардын баасын арзандатышы мүмкүн. Бул үчүн убакыт керек. Ошондуктан биз жергиликтүү компанияларга жардам берүү максатында салыктан бошотуу жана башка бир топ жеңилдиктерди берүүнү Жогорку Кеңешке сунуштап жатабыз", — деди Акышев.

Ал учурда бир топ чет элдик авиакомпаниялар кызыгуусун билдирип жаткандыгын, алардын дайыны жакында белгилүү болорун кошумчалады.