БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Биздин футболчу жигиттер мекенчилдиктин жогорку үлгүсүн көрсөтүп, Кыргызстандын атын дүйнөгө даңазалап жатат. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков билдиргенин президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Мамлекет башчысы эмгек, мекенге кызмат кылуу, өлкөнү даңазалоонун өзгөчө үлгүсүнө токтолгон.
"Жалпы кыргызстандыктар кечээ кыргыз спортунун чоң жетишкендигине күбө болушту. Биздин футболчуларыбыз Азия чемпионатында эбегейсиз чоң ийгиликке жетишти. Филиппин командасын 3-1 эсебинде утуп элибизге укмуш зор маанай тартуулашты. Биздин футболчулардын Азия кубогуна тарыхта биринчи ирет чыгышы эле чоң ийгилик болгон. Оюндардын кийинки этабына өтүүсү да эбегейсиз тарыхый чоң жетишкендик", — деди Жээнбеков.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын футбол командасы Азия кубогунун алкагында 16-январда филиппиндер менен кез келип 3:1 эсебинде жеңишке жеткен.