Пирматов мас айдоочуларды күбөлүктөн биротоло ажыратууну сунуштады

Эл өкүлү мас айдоочуларга 170 миң сом айып да аз экенин белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Вице-премьер Жеңиш Разаков Эреже бузуулар кодекси боюнча мас болуп милицияга кармалган айдоочулардын айдоочулук күбөлүгү алынбай турганын Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Эл өкүлү Исхак Пирматов мас болуп машина айдаган кишилер 17 500 сом айыпты төлөп коюп кайта эле рулга отура берсе болобу деп суроо салган.

"Күнүгө арак ичип, мыйзам бузуп жүрө берсе болот экен да? Ошону өзгөртүү керек. Ар кандай пикирлер айтылды. Менин оюмча, 170 миң сом кылсаңыздар дагы аз. Аны (айдоочуну — авт.) өмүр бою айдоо укугунан ажыратыш керек", — деди Пирматов.

Күбөлүгүңдү эч ким албайт! Инспекторлор айдоочуларга жаңы эрежелерди түшүндүрүүдө
Эл өкүлү акыркы жылдары Кыргызстанда жол кырсыктан каза болгондордун саны афган согушунда каза болгон СССРдин бардык мамлекеттеринин жоокерлеринин санынан көп болуп жатканын кошумчалады.

Пирматов ошондой эле өкмөт түкүрүк боюнча артка чегингендей, бул маселеде артка чегинбөө керектигин баса белгиледи.

"Мыйзамды сыйлаш керек да, арак ичтиңби, айдаба, арак ичкиң келип жатабы, машинага отурба", — деди эл өкүлү.

Жаңы эреже боюнча мас айдоочулар кандай жазаланарын макаладан таанышыңыздар.