БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков эгемендүүлүк алгандан бери шайланган өкмөттүн ар бири орточо эсеп менен 9 айдан иштегенин жана өзүнүн ишине жараша аты болгонуна токтолду.
Учурда депутаттар ар кандай маселелер боюнча өз пикирлерин айтууда.
"Орточо эсеп менен Кыргызстанда ар бир өкмөт 9 ай гана иштейт экен. Биздин азыркы өкмөт дагы тогузунчу ай иштеп жатат. Ар бир өкмөттүн мөөнөтү жана эл тарабынан берилген дөөлөтү болот, мындайча айтканда, аты болот. Маселен, Роза Исаковнанын өкмөтүн — убактылуу өкмөт, Муралиевдин өкмөтүн — техникалык өкмөт, Бабановдун өкмөтүн — коалициялык өкмөт, Сапар Исаковдуку — технократтык өкмөт деп аталып жүрөт. Азыркы өкмөткө дагы жаңы ат коюлду, коюлганда да "түкүрүк өкмөт" деп бат коюлду", — деди депутат.
Момбеков айып пул болушу керектигин, бирок ал айлыктан көп болбошу зарылдыгына токтолду.
"5 миң сом пенсия алган чалга барып "сиз насвайыңызды түкүрдүңүз, 5500 сом айып төлөңүз" деп айтып көргүлөчү. Жерге эмес, бетиңе түкүрөт", — деди ал.
Депутат, андан сырткары, элге биринчи 30 000 сом айлык берип, анан 10 000 сом айып салса туура болорун кошумчалады.