Кытайлык хирург 50 чакырым алыста туруп операция жасады

Алгачкы операция чочкого жасалып, бир саатка созулду.
Sputnik

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Кытайдын Фуцзянь провинциясынын хирургдары дүйнөдө алгачкы жолу дистанттык операция жасашты. Бул тууралуу Russian.people агенттиги жазды. 

"Алгачкы операция чочкого жасалып, бир саатка созулду. Жаныбар жарым сааттан кийин өзүнө келип, абалы турукташты. Дистанттык операция 5G-технологиясы аркылуу ишке ашты", — деп айтылат макалада.

Уникалдуу операция провинциянын илим изилдөө борборлорунун биринде жасалды. Ал эми аны ишке ашырган Пекин ооруканасынын хирургу роботтун колдорун 50 чакырым аралыкта туруп, компьютер аркылуу башкарып жатты. Чочконун боорунун бир бөлүгү алып салынды.

Адистердин айтымында, жакында мындай операциялар адамдарга жасала баштайт. Бул борбордон алыскы региондордо жашаган жарандарды убара кылбай, жеринен эле дарылоого шарт түзөт.