Жума күнгө карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. 18-январда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда жана Талас өрөөнүндө +8…+13 градус жылуу болору айтылды.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5…+10, Ысык-Көл аймагында 0…+5, Нарын жергесинде —3…-8 градус суук болот.

Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Бишкекте +10…+12, Ошто +7…+9 градус жылуу болору болжолдонду.