Радио

Исмаилова: инсульт мээге кислород жетпей калгандан пайда болот

Инсульт боюнча изилдөөчү Азиза Исмаилова бул дарттын эки түрү бар экенин айтты.
Sputnik
Исмаилова: инсульт мээге кислород жетпей калгандан пайда болот

Инсульт оорусу мээге кислород жетпей калгандан пайда болот. Бул тууралуу Азиза Исмаилова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мээдеги кан тамырдын ичкеришине кыймылдын аздыгы себеп.

"Инсульт мээге кислород жетпей калгандан улам пайда болот. Анын эки түрү бар. Биринчиси — мээге кан жетпей калган учур болсо, экинчиси — мээге кан куюлуп кеткен убак. Кан басым көтөрүлгөндө мээнин кан тамыры ичкерип, ичкерүү жарылууга, жарылуу мээге кан куюлушуна алып келет. Ал эми мээдеги кан тамырдын ичкеришине кыймылдын аздыгы, стресс болуу, бирөө менен урушуу, толкундануу жана башка нерселер себеп болот", — деди Исмаилова.

Ал кан басымдын негизи нормасы 120/80 экенин, ал эми 130/90 болгондо сөзсүз дары ичип дарыланып башташ керектигин кошумчалады.