Радио

Тайлаков: 2018-жылдын тогуз айында керектөөчүлөрдөн 268 даттануу түштү

КРдин өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Кеңешбай Тайлаков керектөөчүлөрдүн укугун коргоо аталган мекеменин негизги багыттарынын бири экендигин маалымдады.
Sputnik
Тайлаков: 2018-жылдын тогуз айында керектөөчүлөрдөн 268 даттануу түштү

2018-жылдын тогуз айында 195 керектөөчүнүн укугу бузулгандыгы аныкталган. Бул тууралуу Кеңешбай Тайлаков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, көп учурда сатып алуучулардын укугу айрым жөнөкөй эрежелерди билбегенден улам дагы келип чыгат.

"Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мыйзамдын алкагында биздин органдын аймактык түзүмдөрү, борбордук аппараты чоң иштерди алып барат. 2018-жылдын тогуз айында керектөөчүлөрдөн 268 кайрылуу, даттануулар келип түшкөн. 195 керектөөчүнүн укугу бузулгандыгы аныкталган. Жалпысынан 226 эскертме берилип, 222си аткарылды. Керектөөчүлөрдүн укугу бузулуп жаткандыгына көп учурда сатып алуучулар өздөрү дагы күнөөлүү. Кээде товар алып жатып тийиштүү документ, талон, чек деген нерселерди албай соода-сатык жүргүзүшөт", — деди Тайлаков.

Ошондой эле ал Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги окуу жайлардагы тарифтерди аныктабай тургандыгын, бирок андагы төлөмдөрдүн негизсиз өзгөрүлүп турушуна көзөмөл жүргүзүүгө укугу бар экенидигин кошумчалады.