Депутат Бакировдун видеосу. Кабинеттен чыкпай, соцтармакка жооп берди

Видеодон социалдык тармактагы элдин 16-январдагы окуяга көбүрөөк басым жасап жатканын көрүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин өкүлү Талантбек Тынысовго катуу айтып, ордунан тургузуп алып "такалаган" вице-спикер, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров журналисттерге кайрылды.

Бекешев Жогорку Кеңешке кирүүдөгү дресс-коддун талабын өзгөртүүнү сунуштады
Видеодон социалдык тармактагы элдин 16-январдагы окуяга көбүрөөк басым жасап жатканын көрүүгө болот.

Эске салсак, Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмазбек Токторов менен вице-спикер Мирлан Бакиров Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин өкүлү Талантбек Тынысовду талаптагыдай кийинип келген жоксуң деп Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда жемелеп, катуу айткан

Окуядан кийин соцтармак катуу реакция кылып, депутаттын аткаминерден кечирим суроосун талап кылган

Жогорку Кеңештин сайтында депутат жана вице-спикер Мирлан Бакировдун аталган жагдай боюнча берип жаткан жообу жайгаштырылган.

— Социалдык тармакта коомчулук тарабынан катуу сын-пикирге алынып жатат, сиздин жообуңуз кандай? – деп Бакировго ЖКнын маалымат кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу суроо узаткан.

Депутат кечирим сурасын! ЖКдан чыгарылган аткаминер боюнча соцтармактагы пикирлер
— Массалык маалымат каражаттарына кайрылып кетет элем, бул бурмаланган тема болуп жатат. Мен ЖКнын комитетинин чечимине ылайык, жыйындан бара беришиңизди суранам деген маселе менен кайрылдым. Чиновник залдан чыгып кетти, — деген депутат.

— Кызматыңыздан ашыкча пайдаланып кеткен жоксузбу, эскертүү берип коюу жетиштүү болбойт беле?— деген суроого ал өзүнүн жообун айткан.

Биринчиден, башка депутаттын эскертүүсүнө, экинчиден, жыйынга даярданып келбептир деген жүйөсүн келтирген.

"…Кечиримдүүлүк улуу касиет. Андан адам кичирейип кетпейт. Эгерде ошол инсандын жеке аброюна, үй-бүлөсүнө, коомчулукка катуу тийип кеткен болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып үзүр сурап кетемин", — деди.

Депутат бул видеодо аткаминердин атын атаган жок.

Ал эми Талантбек Тынысов Sputnik Кыргызстан кабарчысынын депутат аны менен байланышып кечирим сурадыбы деген суроосуна "жок" деп жооп берди.