Депутат: Эреже бузуулар кодексин иштеп чыккандар "эмгек сиңирген" юрист болушту

Эл өкүлү Рыскелди Момбеков Эреже бузуулар боюнча кодексти иштеп чыккандардын аты-жөнүн айтууну талап кылды.
Sputnik

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Айтмамат Назаров Эреже бузуулар жөнүндөгү кодексти иштеп чыккандардын айрымдары "Эмгек сиңирген юрист" болушканын айтты.

Эл өкүлү жаңы кодекс иштебей жатып эле анда кемчиликтер бар экени айдан ачык болуп калганын белгилеп өттү.

"Кодексти 2017-жылы кабыл алдык эле. Андан кийин ага катышкан адамдардын бир тобу мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлүп, алды "Эмгек сиңирген юрист" деген наам алышты. Бирок тилекке каршы, кодекстин канчалык кемчилиги бар экенин көрүп жатабыз. Мурдагы административдик кодекстеги бир топ укук бузуулар, тартип бузуулар жаңы кодекске кирбей, бир тобу бириктирилип калган. Айып пулдун өлчөмү негизсиз көтөрүлүп кеткен", — деди депутат.

Ал эми эл өкүлү Рыскелди Момбеков жаңы кодексти жазып чыккандардын аты-жөнүн атоону талап кылды. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов алардын аттарын санап берди.

"Мыйзамды иштеп чыккан эксперттер тууралуу айтайын, алар: Сыдыкова Лейла, Гафуров Анвар, Дербишалиева Гүлмира, Жоробекова Арзыгүл, Летова Ирина, Мамышев Мыктыбек, Сыдыков Аскат, Сманалиева Алтынай, Сулайманова Назгүл. Андан тышкары, бул боюнча тегерек столдор уюштурулуп, жолугушуулар болуп талкуулар өттү. Мен билгенден депутаттар дагы автор болуп кошулган", — деди Асанов.

Армия чоң!.. Министр Жунушалиев түкүрүнгөн милиционерлер боюнча оюн айтты
Момбеков кайсы депутаттар катышканын сураганда Асанов "аны так билбейт экем" деп жооп кайтарып, кийин жазуу иретинде берейин деп суранды.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекс жакшы ой менен жазылганын айтып, андагы 376 берененин бардыгы бир гана түкүрүү боюнча берененин айынан жаманатты болуп көрүнүп калганын белгиледи.

Асановдун билдиришинче, бүгүнкү күнгө чейин түкүрүү боюнча бир да айып салынган жок. Ал эми жалпы Эреже бузуулар боюнча жаңы кодекстин башка беренелери боюнча бүгүнкү күнү 2319 эреже бузуулар катталып, анын ичинен 1090уна эскертүү берилген. 1229 эреже бузуучуларга жалпысынан 4 миллион 36 миң сом айып пул салынган.