Депутат: бала асырап алчулардан 2 миң долларга чейин пара талап кылышууда

Эл өкүлү Бишкектеги балдар үйүн текшерүүнү сунуштады.
Sputnik

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова бала багып алам деген үй-бүлөлөр 2-3 жылдан бери кезекке туруп, андан ушу кезге чейин майнап чыкпай жатканын айтты.

Депутаттар бүгүн ар кандай маселелерди талкуулап жатышат.

Эл өкүлү ошондой эле Бишкектеги ымыркайлар үйү (Дом малютки) 1,5-2 миң долларга чейин пара талап кылып жатканын кошумчалады.

"Бирөөгө кор, бирөөгө зар бала деген кыргызда жакшы сөз бар. Акыркы учурда ымыркайларга болгон кордуктан улам алар чарчап калышууда. Ошол эле учурда бала багып алам деген үй-бүлөлөр кезекте турат. Документин тууралап 2-3 жылдан бери кезек күтүп жүрүшөт. Балдар үйлөрүнүн жетекчилери 1,5-2 миң долларга чейин талап кылып жатышканын айтышууда", — деди ал.

Мусабекова ошондой эле өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаевге кайрылып, Бишкектеги балдар үйүн текшерип чыгууну сунуштады.